РФ Мамлекеттик Думасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү Татьяна Алексееванын айтуусу боюнча алар Бишкектеги жана шаардын айланасында жайгашкан бир нече шайлоо участокторунда болушту.

“Участоктордо жарандардын активдүүлүгү көрүнүп турат. Биз шайлоочуларды иденттештирүү учурунда түшүнбөстүктөрдү жана мыйзам бузууларды байкаган жокпуз. Шайлоо жогорку деңгээлде уюштурулуптур. Мында БШКнын жакшы иштегенин белгилей кетүү керек”, деп, ал Кыргызстан улам өзгөрүлүп, мыкты боло баштаганын белгиледи.

Өз кезегинде РФ Мамлекеттик Думасынын депутаты Вера Ганзяучастоктордо жакшы аура түзүлгөнүн билдирди. “Шайлоо өткөрүү тутуму жана анын уюштурулушу субъективдүү фактордун таасирин жокко чыгарат. Ошону менен бирге бул жыйынтык аппаратураларды туура тандап алуунун натыйжасында болгонун белгилей кетүү керек. Жакшы иштегени үчүн Борборшайкомго ыраазычылык билдиргибиз келет”, деди россиялык  депутат.