АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия маселелери боюнча жардамчысы Ниша Бисвал Кошмо Штаттар Өзбекстандын жаңы шайланган президенти Шавкат Мирзиёевдин демилгелерин колдой турганын билдирди.

«Биз башынан эле айрым саясий туткундардын бошотулушу, экономиканы жана мамлекеттик башкаруу системасын модернизация кылуу аракеттери өңдүү Өзбекстандагы үмүттөндүргөн белгилерге байкоо салып келебиз. Менимче, мындай чаралар өзбек элинин туруктуулугун, коопсуздугун жана жыргалчылыгын бекемдейт. Албетте биз аларды кубаттайбыз,» — деди Бисвал «Учур» долбоорунун журналисттерине берген маегинде.

Ал жаңы шайланган президенттин чоң өнүгүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгилеп, АКШ «алардын туура пайдаланыларына» үмүттөнөрүн белгиледи.

Ошондой эле Бисвал Борбор Азия өлкөлөрүңдөгү адам укуктарынын абалына көңүл буруп, Түркмөнстанда Эркин Европа/Азаттык радиосунун журналистинин куугунтукка алынышын «таптакыр жарабаган» көрүнүш деп атады. АКШ мамкатчысынын жардамчысы тарабынан Казакстанда блоггерлердин кармалышы «өтө кайгылуу» факты катары бааланды.

«АКШ үчүн маанилүү өнөктөш эсептелген жана Борбор Азия аймагындагы лидерлик ролдогу өлкө катары Казакстан адам укуктары менен эркиндиктерин, жарандык коомдун өнүгүшүн кепилдеген жана саясий нааразылык билдирүү мүмкүндүктөрүн түзүп берген өлкөнүн үлгүсү болууга аракет кылышы керек», — деди Бисвал.

Бөлүшүү