КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бүгүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча  жалпы добуш берүүнүн жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы туурасында өз ою менен бөлүштү.

Эл өкүлү эл да, коомчулук да адатта ызы-чуу, митинг, нааразылык акциялары менен өтчү шайлоо тынч, ачык-айкын, калыс өткөнүнө канааттанып турушканын белгиледи.

«Өлкөбүз дагы бир ирет демократия жана сөз эркидигин өнүктүрүүнүн этабын басып өттү. Шайлоолор Кыргызстан туура жолдо баратканын көрсөттү. Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор жана референдум үчүн добуш берүү уюштуруу иштери жогорку деңгээлде өткөнүн айгинеледи, нааразычылыктар, тирешүүлөр болгон жок, муну эл аралык байкоочулар да белгилешти», — деди Өмүркулов.

Мындан сырткары, шайлоонун жүрүшүндө бардык добуш берүүчүлөрдү өздөрүнүн жарандык укуктарын пайдаланууга шарттар түзүлдү.

«Шайлоочулардын 80 %ы референдумду колдошту – бул өлкө туура өнүгүү жолунда баратканын көрсөтөт. Өзгөртүү жана толуктоолорго ылайык, бир катар конституциялык мыйзамдар кабыл алынып, ал күч түзүмдөрүн, сот системасын реформалоого түрткү берип, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик бутактарынын бекемделүүсүн  шарттайт. Белгилей кетчү нерсе, шайлоодо колдогондор үчүн да, каршы болгондор үчүн да шарттар түзүлдү, эч кимдин добуш берүү укугу бузулган жок. Бул чыныгы демократия, бул биздин стабилдүүлүктү камсыз кыла алгандыгыбыздын көрсөткүчү», — деди фракция лидери.

    Ошондой эле ал ачык-айкын шайлоо системасынын аркасы менен жарандар өздөрү каалаган партияларга добуштарын бере алганын белгиледи.

«Өлкөнүн бардык аймагында шайлоолор таза өтүү. Жаңы шайланган депутаттар өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымдарын кошот деп ишенели, аймактардын күчтүүлүгү өлкөнүн күчтүү болуусунун кепилдиги эмеспи», — деди.

Бөлүшүү