Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусундагы кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрүү пункттарынын, тактап айтканда, «Токмок-автодорожный» жана «Кең-Булуң-автодорожный» пункттарынын курулушу жана реконструкцияланышынын жүрүшү менен таанышты.
Өкмөт башчы белгилегендей, ЕАЭБге кошулуу алкагында өлкөнүн инфраструктурасын өркүндөтүү Кыргызстандын өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири катары эсептелет.
Анын айтымында, өткөрүү пункттары эл аралык стандарттарга жооп берип, модернизациялоо алкагында жарандардын жана транспорттук каражаттардын бир күндө өтүүчү агымын эске алуу менен өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулатылат.
Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов маалымдагандай, «Токмок-автодорожный» өткөрүү пунктундагы объектилердин капиталдык курулушу 2016-жылдын сентябрь айында башталган. Учурда негизги курулуш жумуштары бүткөрүлгөн, объектти 2017-жылдын январь айында ишке берүү пландаштырылууда. «Токмок-автодорожный» пунктунун сметалык наркы 28 млн сомду түзөт, бүгүнкү күндө 18 млн сом өздөштүрүлгөн.