Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин саясатты өнүктүрүү маселелери боюнча улук кеңешчиси жана Элчиси Юхани Тойвонен баштаган делегация менен жолугушту.

Премьер-министрге фин тарабынан айыл жана балык чарбасы ошондой эле геология тармагында Кыргызстан менен мындан ары узартууга сунушталган кызматташтык программасынын долбоорунун  бет ачары көрсөтүлдү.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, өкмөт  Кыргызстан менен Финляндиянын ортосундагы эки тараптуу маилелерди өнүктүрүү маселелерине өзгөчө маани берет.

«Биз Финляндия тарабынан кызматташтыктын түрдүү тармактарында анын ичинде сөзсүз түрдө демократиялык принциптерди бекемдөөдө көрсөткөн көмөгүн жогору баалайбыз. Биздин система Финляндиянын мамлекеттик түзүлүшү менен окшош мүнөзгө ээ, сиздерден үйрөнө турган нерселер бар. Биз бул багыты өнүктүрүп, алдыга жылдырууну көздөйбүз », -деди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы кызматташтык долбоорлоруна кайрылып, Кыргызстан үчүн энергия булактарын кайра калыбына келтирүүгө өзгөчө маани берерин, анын ичинде кичи суу энергетикасын жана күн энергиясы бар.

Элчи Юхан Тойвонен Кыргызстан туристтерди өзүнө тарта турган мамлекет анын ичинде Финляндия да бар экенин белгиледи.

«Өзгөчө экспортко ылайыкталган азык-түлүктөргө кызыгуу чоң. Биздин мамлекеттик органдар арасында тыгыз байланыш күчөп келатат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандан экспорттоло турган он азыктын тизмеси түзүлдү. Ушул тизменин арасынан көбүрөөк кызыгуу жаратып жатканы: кыргыз балы, грек жаңгагы, кургатылган мөмөлөр жана тигүү өнөр жайы. Жакын арада Кыргызстандан Финляндияга продукцияларды экспорттоодо туруктуу өнөктөш катары иштеше турган Финляндиялык ишкерлердин атайын делегациясы келери күтүлүүдө», – деп маалымат берди Юхан Тойвонен .

Соңунда Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө Финляндия билим берүү системасында, саламаттык сактоо жана айыл чарбасында алдыңкы позияцияда экенин кошумчалады. Буга байланыштуу эки мамлекеттин министрликтери менен тажрыйба алмашып, аны кийинки өзүнүнүн ишине пайдалануу сунуштары айтылды.