Президент Алмазбек Атамбаев Нурсултан Назарбаевди өлкө көз карандысыздыгынын 25 жылдыгы менен куттуктады.

«Сизди жана дос Казакстан элин мамлекеттик майрам — өлкө көз карандысыздыгынын 25 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм. Көз карандысыздык жылдары Сиздин жетекчилигиӊиз алдында Казакстан мамлекеттик курулушта, социалдык-экономикалык өнүгүүдө жана реформаларды жүргүзүүдө көзгө көрүнөрлүк жыйынтыктарга жетишип, интеграциялык процесстерди жылдыруу,  глобалдык жана региондук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн чоӊ күч-аракеттерди жумшаган эл аралык карым-катнаштардын кадыр-барктуу катышуучусу катары имиджге ээ болду», — деп белгиленет телеграммада.

Мамлекет башчысы кыргыз-казак өз ара пайдалуу жана ар тараптуу кызматташтыгы эки өлкө менен эки элдин жакшылыктары үчүн мындан ары да бир калыпта өнүгөрүнө ишенет.

Бөлүшүү