Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Абдулла Ариповду Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.

«Өзбекстандын өкмөтүн жетектөө боюнча сизге көрсөтүлгөн ишеним сиздин эмгегиңизге жана бай тажрыйбаңызга берилген баа катары саналаарына ишенем. Сиздин демилгелериңиз жана алдыга койгон максатарыңыз келечекте Өзбекстан Республикасынын элинин бакубаттулугун жогорулатууга жана  социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салымын кошооруна ынанам. Тарыхый жактан калыптанып калган кыргыз-өзбек мамилелерин эске алуу менен эки элдин өнүгүп-өсүүсүнө багытталган өнөктүштүктү кеңейтүү үчүн ишенимдүү негиз болуучу жетишилген макулдашууларды жана алдыга коюлган пландарды ийгиликтүү ишке ашыруу максатында биргелешкен жемиштүү кызматташууга даяр экендигимди билдирем», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бөлүшүү