15-декабрда депутат Надежда Савченко Жогорку Рададагы «Батькивщина» фракциясынын курамынан чыгарылды.

Фракциянын билдирүүсүндө депутат менен «Батькивщинанын» саясий көз караштары дал келбей тургандыгы айтылган.

Орусияда туткунда болуп келген депутаттын «Батькивщина» партиясынын курамынан чыкканы 13-декабрда белгилүү болгон.

7-декабрда Надежда Савченко Чыгыш Украинадагы жикчилдердин лидерлери Игорь Плотницкий жана Александр Захарченко менен жашыруун жолугушкан. Украина атайын кызматынын маалыматы боюнча анда туткундар менен алмашуудан сырткары мыйзамсыз куралдуу топтордун мүчөлөрү үчүн мунапыс жарыялоо жана Донбасстын Украина көзөмөлүндө болбогон аймактарынан экономикалык санкцияларды алуу тууралуу сүйлөшүүлөр болгон.

Президент Петр Порошенко Савченконун жикчилдер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү «анын өзүнө дагы, Украинага дагы пайда алып келбестигин» билдирди. Өлкөнүн бир катар саясатчылары, эксперттери жана ММКлары Савченконун Минсктеги жолугушуусун «улуттук чыккынчылык» катары сыпатташты.

Жогорку Радада Савченкону коргонуу жана улуттук коопсуздук боюнча парламенттик комитеттин курамынан чыгаруу тууралуу токтом долбоору даярдалды. Айрым депутаттар ал «ЛНР» жана «ДНР» лидерлери менен жолуккандан кийин Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясында Украинанын атынан сүйлөбөшү керектигин айтып чыгышты.