Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн бир күндүк жумуш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды.
Жумушчу сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков айыл чарба тармагындагы ишке ашып жаткан долбоорлор жана Тоң, Жети-Өгүз райондорундагы билим берүү мекемелеринин иши менен таанышып чыкты.
Жээнбеков Тоң районунун Кара-Шаар айылындагы спорттук залдын ачылыш салтанатына катышып, Кара-Коо айылындагы орто мектептин курулуш ишинин жүрүшү менен таанышты. Аны менен бирге Премьер-министр Ак-Өлөң айылындагы балык чарбасына барды, анда айыл чарба техникасы түрүндө инвестиция тартуу боюнча долбоорлор менен таанышты.
Өкмөт башчы Жети-Өгүз районундагы Жон-Булак айылындагы орто мектептин ачылыш аземине катышып, Кызыл-Суу айылындагы орто мектептин имаратынын курулуш ишинин жүрүшү менен таанышты.
Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Барскоон айылындагы фермерлерге колдоо көрсөткөн жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө салым кошкон «Барс-s» муниципалдык мекемесине жана «Ак-Жалга»ЖАК сүт ишканасына барды.