Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн буйрукка кол койду.

Ага ылайык, Жайыл районунун мамлекеттик администрация жетекчиси Турусбек Ногоевге катуу сөгүш берилди.

Аталган чечим мамлекеттик администрация жетекчиси Турусбек Ногоевдин ишинде райондогу коомдук-саясый абалды көзөмөлдөө жүргүзүү, укук коргоо органдарынын, министрлик жана административдик ведомстволордун аймактык түзүмдөрүнүн ишин координациялоо жаатында кемчиликтер аныкталгандыгына байланыштуу кабыл алынган.

Мындан тышкары, Турусбек Ногоев калк менен иш алып барууда жигерсиздикти көрсөткөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү