Казакстанда сот белгилүү теле алып баруучу Баян Есентаеванын мурдагы күйөөсү Бакыт Эсентаевге чыккан өкүмдү өзгөрткөн жок.

Өткөн айда сот Бакыт Есентаевди өз аялына кол салууга айыптап, тогуз жылга соттогон. Ал ортодо ал “сексуалдык мүнөздөгү зордук аракети” жана “зордуктоо” беренелери боюнча акталган. Алматы облустук сотунун апелляциялык коллегиясы мурдагы өкүмдү күчүндө калтырды.

Баян Есентаева 10-июнда бычак жеп ооруканага түшкөн. Адам өлтүрүүгө аракет жасоого шектелип, продюсердин күйөөсү Бакыт Есентаев кармалган. Тергөө Есентаев кылмышка аялын кызгангандан улам барганын билдирген. Бул иш коомчулук арасында чоң резонанс жаратып, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук маселеси катуу талкууга алынган. Кийинчерээк Баян Есентаева сотко кайрылып, айыпталуучуга жеңил жаза берүүнү сураганы кабарланган.

Бөлүшүү