Сириянын өкмөттүк армиясы 30-декабрь саат 00:00дөн тарта бүткүл өлкө боюнча ок атууну токтотот.

Сириянын SANA мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, жарашуу террористтик «Ислам мамлекети» жана «Жабхат Фатах аш-Шам» (мурдагы «Фронт ан-Нусра») топторуна, ошондой эле аларга байланышы бар согушкерлерге тиешелүү эмес.

Дамаск менен куралдуу оппозиция ок атууну токтотуп, тынчтык сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча макулдашууга келгенин бейшембиде Орусия президенти Владимир Путин билдирген.

Бейшембиде Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглы Анкара менен Москва ок атышуу Сириянын бүткүл аймагында Жаңы жылга чейин токтошуна үмүттөнүп, мунун кепили болууну максат кылып жатканын, бирок Түркия Сирия президенти Башар Асад менен сүйлөшпөй турганын билдирген.