Алмазбек Атамбаев «2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койгонун Президенттик аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Анда Кыргыз Республикасынын стратегиялык милдеттерин жүзөгө ашыруу, мамлекет менен коомдун күч-аракетин түздөн-түз адамга, анын руханий дүйнөсүнө, адеп-ыйманына жана маданиятына багыттоо максатында, ошондой эле коомчулуктун кайрылууларын эске алуу менен төмөндөгүдөй токтом кабыл алынганы айтылат.

1. Кыргыз Республикасында 2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялансын.

2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

1)Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен түзүү;

2) Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча иш-чаралар планын бир ай ичинде иштеп чыгуу, анда негизги багыттар катары төмөнкүлөр каралсын:

-Кыргызстан элинин руханий жана адеп-ыйман баалуулуктары менен алдыңкы дүйнө таанымды айкаштырган жаранды өстүрүүдө мамлекеттин жана коомдун күч-аракеттерин координациялоо;

-ар бир баланын таланты менен шык-жөндөмүн ачуунун жана өстүрүүнүн натыйжалуу системасын түзүү, заманбап билим берүү, жаштар, демография, маданият жана дин саясатын калыптандыруу;

-жүрүм-турум жана укуктук маданияттын, өз ара урмат-сыйдын, көмөктөшүүнүн жана жарандык тилектештиктин өрнөктөрүн жайылтуу;

3) жалпыга маалымдоо каражаттары менен бирге Ыйман, адеп жана маданият жылынын идеяларын жайылтууну жана иш-чараларын натыйжалуу чагылдырууну камсыз кылуу.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.