Бишкек шаарынын 7-кичи районундагы курулуштардын биринен жаш кыздын жансыз денеси табылды.

Бул тууралуу бүгүн, 4-январда укук коргоо органдарынын басма сөз кызматы билдирди.

2016-жылдын 24-декабрында табылган дененин өздүгү такталып, ал 21-декабрдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан 25 жаштагы кыз экени аныкталды.

Каза болгон кыздын ата-энесинин айтымында, ал психологиялык жактан жабыркагандыктан каттоодо турган.

Кыздын денесинде көк ала тактар табылып, ал бийиктиктен секирүүгө аракет кылганы айтылууда.
Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү