1. Муфтияттын түзүмүндөгү жалпы квалификациясын жогоруулатуу максатында окуу семинарынын экинчи айлампасы башталды.

Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Аталган окуу семинары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, «Ыйман» фондусунун «Дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жана билим деңгээлин жогорулатуу» долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Имамдардын квалификациясын жогорулатуу семинарынын экинчи айлампасында Баткен, Ош облусунун жана Ош шаарынын имамдары ОшМУнун теология факультетинде дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат, риторика, имамдардын этикасы, акыйда, Ислам тарыхы, кыргыз маданияты жана дин, Куран, иш кагаздары предметтери боюнча сабактарынан билимдерин тереңдетүүдө.

Учурда алты күндүк окуу курсуна Баткен облусунан 140 имам катышып жатат.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү