Ташкенттин Сергели районунда метрополитен куруу боюнча иштер башталганын жергиликтүү өзбек ММКлары жазып чыгышууда.
Маалыматтарга ылайык ал соңку Чиланзар станциясынын «Олмазар» линиясынан баштаган «Спутник» массивине чейин 8 км ге жакын узундуктагы метрополитендин жер алдындагы толук бир бутагы болот.
Бардыгы болуп 6 станция курулат. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча курулуш иши 4 жылдай убакытты алат.