Чүй облустук сотунда Азимжан Аскаровдун ишин кароо башталды.

Тараптардын акыркы  сөзүнөн кийин өкүм чыгары күтүлүүдө.

2016-жылы 20-декабрда тараптардын жарыш сөзү аягына чыккан. Мамлекеттик айыптоочу Аскаровду өмүр бою эркинен ажыраткан мурдагы өкүмдү күчүндө калтырууну сураган.

Аскаровдун жактоочулары кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу жана БУУну адам укуктары боюнча комитетинин чакырыгына ылайык, аны актоону өтүнүүдө. Аскаров тагылган айыптоолорду четке кагып келет.

65 жаштагы Азимжан Аскаров Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда укук коргоочулук менен алектенген. 2010-жылдагы июнь коогалаңы учурунда «улут аралык жаңжалды козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан» деген айып тагылып, өмүр бою абакка кесилген.

Быйыл апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров мыйзамсыз камалганын айтып, аны бошотууну талап кылган. Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгып, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароону Чүй облустук сотуна тапшырган болчу.

Бөлүшүү