Беш күндөн бери ачкачылык кармап жаткан Oil Construction Company мунай ишканасынын бир нече кызматкеринин саламаттыгы кечээ кыйла начарлап кетти.

Бирок Көз карандысыз кесиптик кошуундар конфедерациясынын каттоосун калыбына келтирүүнү талап кылып жаткан мунайчылар ачкачылыгын токтотпой тургандыктарын билдиришүүдө.

Кечээ компаниянын ачкачылык кармап жаткан 34 жаштагы кызматкери Руслан Абуовдун абалы кескин начарлап, мунайчылар тез жардам кызматын чакырышты. Барган медиктер тобу акциянын башка катышуучуларынын да саламаттыгы начарлаганын айтышкан.

Тез жардам кызматынын дарыгерлери мунайчылардын ден соолугунун начарлашы түздөн-түз ачкачылыктан улам организмдин алсызданышына байланыштуу экенин билдиришти. Бирок нааразылык акциясынын катышуучулары ооруканага жатуудан баш тартышты.

«Жумуш берүүчүлөр менен жумушчулардын позициясы бири-биринен айырмаланат. Көз карандысыз кесиптик кошуун– биз менен жумуш берүүчүлөрдүн ортосундагы алтын көпүрө сыяктуу. Ал «көпүрө» аркылуу биз өз талаптарыбызды жумуш берүүчүгө жеткирип турчубуз. Көз карандысыз кесиптик кошуундар конфедерациясы – ал «көпүрөнүн» негизи. Эгер ал таянычты жоюп салышса, биздин талаптарыбыз жумуш берүүчүгө жетпей калат. Ошондуктан аны каттоону жана анын иштешине мүмкүндүк берүүнү талап кылып жатабыз», — деди компания кызматкери Бейбит Кошбаев.

Ачкачылыктын бардык катышуучулары алардын талабы аткарылмайынча нааразылык акциясын токтотпой тургандыктарын билдиришти. Көз карандысыз кесиптик кошуундар конфедерациясын жоюу тууралуу чечимди Түштүк Казакстан облусунун райондор аралык экономикалык соту 4-январда кабыл алган. Oil Construction Company мунай компаниясынын жумушчуларынын кесиптик кошууну аталган конфедерациянын курамына кирет.

Бөлүшүү