Орусия парламентинин төмөнкү палатасынын кызматкерлери интернеттеги билдирүүлөрү боюнча отчет берип турууга милдеттендирилишти.

Мындай буйрук Мамдуманын сайтында пайда болду. Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасына парламенттин аппаратындагы булак билдирген.

Аткаминерлер өзү тууралуу маалыматтарды жазып, атайын форманы толтурушу керек. Андан соң номурлар коюган графага сайттын дарегин же сайттын баракчасын жазууга тийиш.

Гезиттин маектештери талаптарды иш жүзүндө аткаруу оор болорун, анткени жадыбалга «соцтүйүндөргө жарыяланган бардык билдирүүлөрдү» өзүнчө киргизүүгө туура келерин белгилешкен.

Мамлекеттик кызматкерлерди соцтүйүндөгү билдирүүлөрү боюнча отчет берип турууга милдеттендирген мыйзам 2016-жылы жайында кабыл алынган. Мыйзамдын талаптарына ылайык, мамлекеттик кызматкерлер жана мамлекеттик кызматтарга талапкер болуп жаткандар интернеттеги жеке баракчалары тууралуу маалыматтарды бериши керек. Мамкызматкерлер интернетке жарыяланган билдирүүлөр тууралуу маалыматтарды ар жылдын 1-апрелине чейин тапшырууга тийиш.

Бөлүшүү