ЖКда “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Видеобайкоо тутумун коомдук жайларга орнотуу күндөн күнгө жайылтылган көрүнүш болуп баратат. Тажрыйба көрсөткөндөй, коопсуздукка көмөк, жалпысынан видео байкоо бул кылмышты байкап калуу, алдын алуу боюнча керектүү нерсе катары кабыл алынып жатат.

Бүгүнкү күндө “Сырткы видео байкоо жөнүндөгү” мыйзам аркылуу, Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жайгашкан коомдук жайларда имараттарда, курулуштарда жана башка өндүрүш, айыл чарба, ишкердүүлүк менен алектенген ишканаларда жана авто унаа коюлуучу жайларда сырткы видео тутумун орнотуу боюнча укуктук маселеси жөнгө салынган.

Сырткы видео байкоо тутумун орнотуудан жана аны укук бузуу аракеттерине каршы далил катары колдонуудан мурун, объектин ээси коомдук тартипти сактоо, жеке жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулук менен күрөш жүргүзгөн мамлекеттик ыйгарымдуу орган менен төгөрөгүн башка жактан кайталабагыдай абалда, көрүнүп туруу ракурсун макулдашуусу керек. Бул мамлекеттик орган, баары кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар сырткы видео байкоо тутуму орнотулган объектилердин реестрин түзөт.

Жогоруда айтылгандардын негизинде СВБТге коюлуучу техникалык талаптар Өкмөт тарабынан аныкталуусу зарыл. Себеби “КР укуктук ченемдик актылары жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, орнотулган техникалык параметрлер СВБТнү орнотууга милдеттүү болгон баардык субъектилер тарабынан аткарылууга тийиш. Ошондуктан “Сырткы видео байкоо жөнүндөгү” мыйзамды аткаруу максатында ошондой эле СВБТнүн техникалык талаптарын КР Өкмөтү тарабынан аныктоо үчүн мыйзам долбоору даярдалган.

Бөлүшүү