Вице премьер-министр Олег Панкратов тийиштүү түрдө Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Кеңешинин 2017-жылдагы төрагасы болуп бекитилген.

Бул чечим тууралуу бүгүн, 13-январда, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин видеоконференц-байланыш режиминдеги кезектеги жыйынында жарыяланды.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында өткөн Евразия экономикалык бирлигине кирген төрт мамлекет – Армения Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясынын башчыларынын жыйынында, 2017-жылы Евразия экономикалык союзунун кеңешинин органдарында төрагалык кылуу маселеси каралган. Сөз  Жогорку Евразия экономикалык кеңеш, Евразия Өкмөттөр аралык Кеңеши жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши тууралуу болуп жатат.

ЕАЭБ жөнүндө Келишимге ылайык, бул органдарда төрагалык кылууда жыл сайын орус алфавити тартибинде пландуу ротация болуп турат. 2016-жылы бардык үч структураларда Казакстан Республикасы жана анын өкүлдөрү төрагалык кылса, 2017-жылы бул милдеттерди  Кыргыз Республикасы өзүнө алды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү