Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) 2017-жылы радикал исламчыларга каршы күрөштү күчөтүү ниетинде.

Уюмдун төрагасы, Австриянын тышкы иштер министри Себастьян Курцтун белгилешинче, исламчыларга каршы жалгыз согуштук аракеттер жетишсиз.

Айтымында, ЕККУнун курамына кирген бардык 57 өлкө терроризмге каршы күрөшүү боюнча өз ара тажрыйба алмашуулары керек. Ал Чыгыш менен Батыштын ортосунда ишенимдин болушунун маанилүү экенин белгиледи.

Себастьяна Курцтун маалыматына караганда, бүгүнкү күндө исламчылар тарапта Сирия менен Иракта ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн 10 миң жараны согушуп жүрөт. Ал алардын өз мекендерине кайтып келүүсүнүн кооптуу экенин жана полиция көзөмөлүн күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

2016-жылы Европанын ири шаарларында жүздөгөн кишилердин өмүрүн алган теракттар болгон. Ал кол салуулар үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу өзүнө алган.

Бөлүшүү