Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында айылдын жашоочулары, депутаттары маалымат жыйын берип жатып айтты.
Алар Балыкчы-Корумду жолун жайкы сезонго чейин оңдолушун талап кылып премьер-министр Сооронбай Жээнбековго кайрылды.
Айылдык кеңештин депутаты Тилек Кадыралиевдин айтымында, жол курулат деп сыртка чыгып кеткен үйлөрдүн короолорун сүрдүртүп, бактарды кулатып, шарт түзүп беришкен.
“Элдин үмүтү аткарылбай жолду оңдоо иши токтоп калды. Эмне үчүн токтоп калганын билгибиз келип маалымат жыйын өткөрүүгө Бишкекке келдик. Тротуар жок балдарыбыз мектепке бара албай калды. Мындан улам жол кырсыгынан 7 адам каза болду. Үйлөрүбүз жолдун жетинде болуп калды. Компенсация төлөнбөй жатат”, — дейт ал.
Ошондой эле ал премьер-министрге бул көйгөйдү жеринен барып таанышса деп кайрылды. Жолду куруп жаткан кытай Лонг-Хай компаниясына кайрылса каражат бөлүнбөй жатканын айтышууда.
Мындан тышкары, жол куруп жаткан кызматкер Асылбек Барманов билдиргендей, 3 айдан бери айлык-маяналары берилбей жатат.
“Ушул убакытка чейин компаниянын эшигин сагалап жүрөбүз. Үй-бүлө багыш керек. Компаниянын директоруна кайрылсак каржы министрлигинен акча которулбай жатат дейт. Кечээ күндөн баштап эч ким жумушка чыкпай эле жолго туруп калышты. Алыс жактан келип иштегендер бар. Аларга да оор болду”, -деди кызматкер.
Белгилей кетсек, жолду куруу иши 2015-жылы декабрда башталган. Жашоочулардын айтымында, 2016-жылы өткөн көчмөндөр оюндарынан кийин Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын асфальтын оңдойбуз деп алып салышкан.