Ошко Өзбекстандын Мукими театры “Жайдары келин” спектаклы менен келди

Автор -
622

Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын Бабур театрында Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын артистери  “Жайдары келин” спектаклын шаардыктарга тартуулашты. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов келип катышып, сөз сүйлөп, достукту жана биримдикти чыңдаган бул кадамдар үчүн уюштуруучуларга жана театрдын артистерине ыраазычылык билдиришти. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев кыргыз-өзбек мамилеси кылымдар бою  достукта сакталып келгендигин билдирип, келечекте коңшу Өзбекстан мамлекети менен маданий-гуманитардык тармакта гана эмес, соода-саттык, экономикалык багытта да алака жандана тургандыгын белгилеп өттү.Ошондой эле, чек ара маселелери чечилип, көп жылдык мамилер калыбына келет деген ишеними чоң экендигин кошумчалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын мэриясынын, шаардык кеңешинин атынан Мукими театрынын жетекчиси, өзбек элинин артисти, киноактер Миразбек Азизовго белектер тапшырылды.

Мукуми атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын артистери 15тен ашуун артистери Ош шаары жана Ош облуснунун райондорунда бир апта “Жайдары келин” спектакли менен гостролдо болушат.

Бөлүшүү