Президент Алмазбек Атамбаев жумушчу сапар менен Казакстанга барат

Автор -
316

Алмазбек Атамбаев 2017-жылы  8 — 10-июнда жумушчу сапар менен Казакстан Республикасынын борбору Астанага барат. Бул тууралуу прзиденттин басма сөз кызматы билдирет.

Визит учурунда президент Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Андан тышкары Алмазбек Атамбаев ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышып жаткан мамлекет башчылары  менен бирге «ЭКСПО-2017» көргөзмөсүнүн ачылыш салтанатына катышат.

Бөлүшүү