УКМК: Фейсбукта улут аралык кастыкты козуткандарга иш козголду

Автор -
406

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет маалымдагандай, буга чейин Фейсбукта улут аралык кастыкты козуткан пикирлерди жазуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул иштин алкагында иликтөө жүрүп, социалдык тармакта мындай багытта маалымат тараткан адамдардын тек-жайы аныкталган. УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун билдиришинче, алардын айрымдары улуттар аралык тирешүүгө ачык эле чакырык таштаганы аныкталды:

— Айрым Фейсбук колдонуучулар Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда болгон жаштардын чатагы боюнча пост же пикир жазганда ачык эле улуттар аралык кастыкты козутууга чакырышкан. Муну Улуттук илимдер академиясынын филологиялык экспертизасы да тастыктады.

Сулаймановдун маалыматы боюнча, буларга кылмыш кодексинин 299-беренеси боюнча (расалык, улут, диний жана аймак аралыккастыкты козутуу) кылмыш иши козголду.

8-май күнү Ноокендин Масы айылында жергиликтүү жаштар чатакташып, бирөө башкаларын бычактап, качып кеткен. 19-май күнү бычак жеген жаштардын жакындары райондук милициянын алдына барып, бычактаган жигитти таап, жазалоосун талап кылышкан.

Бөлүшүү