Ысык-Көл облусунда бир килограммга жакын баңги заты алынды

Автор -
373

Ысык-Көл облусунун аймагында «Нелегал-2017» операциясынын жүрүшүндө КР ИИМнин мыйзамсыз баңги заттарын жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдө баңги кылмыштарын ашкерлөө боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу облустун ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

5-июнда аталган кызматынын кызматкерлери тарабынан Каракол шаарында Жалал-Абад облусунун 42-жаштагы Е. Викторду, күбөөлөрдүн катышуусунда өздүк кароодон өткөрүү мезгилинде, анын жанынан 2 пластмасс бөтөлкөлөрүнө салынган, өсүмдүктөн жасалган баңги заты табылып алынды. Контролдук өлчөөдө алынган гашиш баңги затынын салмагы 930 граммды түздү.

Кармалган адамдын айтымында, алынган баңги затын өткөн жылы күзүндө даярдап, жашыруун жерге катып койгон. Эми болсо, Ысык-Көл облусуна катып койгон баңги затын кайрадан алып кеткенге келгени боюнча милиция кызматкерлерине көрсөтмө берүүдө.

Азыркы учурда, баңги заты менен кармалган адам Каракол ШИИБнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, анын кыймыл-аракетине юридикалык баа берилүүдө. Алынган биңги заты боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Бөлүшүү