Кара жыгач токойчосунун дарактары кыйылуу коркунучунда

Автор -

Кара жыгач токойчосунун батыш тарабында Дачная кѳчѳсүнүн аймагындагы дарактарды кыюу башталды. Бул тууралуу ушул чѳлкѳмдүн тургундары журналисттер менен болгон жолугушууда билдиришти.

Алардын айтымында, бул жер кѳп жолу жапа чеккен.

“Бул жер бир нече жолу алып-сатылган. 2011-жылы “Жашылдандыруу” 39 даракты кыюу туурасында 2 актыга кол коюшкан. Бактарды кыйып баштаганда ошол жердин жашоочулары буга каршылыгн кѳргѳзүшкѳн. 3 июнда жер тилкенин, эсептей келгенде, бешинчи ээси дарактарды кыюуну кайра баштап, тургундар “Жашылдандыруу” иш канасына жана Эконтехинспекцияга кайрылгыча ар түрдүү диаметрдеги 13 бакты кыркып салган”, – дешти кыжырланган жашоочулар.

Алар жогоруда айтылган эки мекеме бири-бир менен талашып, кимдин туура, кимдин туура эмес экендигин аныктагыча, жердин жаңы ээси 30 даракты түп тамыры менен жок кылганын баса белгилешти.

“Кѳп ѳтпѳй “Жашылдандыруу” ишканасынын ѳкүлү 2011-жылдагы акты дагы да болсо ишке ашырылуусун билдирип, карапайм калкка алардын жумушуна тоскоол болбоосун айткан. Бул жагдайда “Жашылдандыруу” иш канасынын бак-дарактарды кыюу боюнча актыларды чыгарууга укуктары жок экендигине эч ким кѳңүл бурбай жатат. Мэриянын макулдашуусу, чечими менен гана алар ѳз иш аракеттерин жасайт. Бул Бишкек мэриясы кол койгон “Жашылдандыруу” иш канасынын уюштуруу-укугу боюнча документинде кѳрсѳтүлгѳн”, — деп билдиришти тургундар.

Аймактын жашоочулары Бишкек шаардык мэриясына арыз менен кайрылышкан. Кѳп ѳтпѳй буга шаардык прокуратура кѳңүл буруп, бул ишти Свердлов районунун прокуратурасына тапшырган.

“Бул ишти Свердлов районунун прокуратурасы толугу менен карап чыгып, “Жашылдандыруу” иш канасынын ѳкүлдѳрүнѳ ылайыктуу жазасын берет. Жана ошондой эле, иш кананлардын кызматын кайдагы бир жеке менчик ээлери эмес, Бишкек шаарынын мэриясы башкараарын далилдейт деп ишенебиз. Мэр иш ордунда жок болсо эле, менчик муниципалдык бирикменин ѳкүлү ѳз билгенин кылып, вице-мэрге баш ийбей койсо болот дегендик эмес, баарын бир бүтүм бийлик баш караарын баса белгилей кетсек. Биздин шаарды башкалар “жашыл шаар-бакча” деп айтышын каалайбыз”, — деди калаа тургуну Нуржан Канходжаев.