Бүгүн, 19-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май районунун калктуу конушуна жаратылыш газы берилди. “Балбан-Таймаш” жаңы конушунун 820дай жашоочусу экологиялык таза отун менен колдонууга мүмкүнчүлүк алышты.
Аталган жаңы конушту газдаштыруу иштери Кыргыз Республикасын газ менен камсыздоо жана газдаштыруунун башкы схемасы жана “Газпром Кыргызстан” компаниясынын инвестициялык программасынын алкагында жүргүзүлдү. Жалпы узундугу 9,4 чакырымды түзгөн газ бөлүштүрүүчү өткөргүчтөрдүн долбоорлоо жана курулуш иштеринин жалпы чыгымы 42,9 млн сомду түздү.
Жаңы конушка газ берүү боюнча салтанаттуу иш-чарага, “Газпром Кыргызстан” ишканасынын башкы директорунун кеңешчиси Алдаяров Арзымат, “Бишкекгаз” филиалынын директору Манас Акматбеков жана Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Алиев Аскербек катышты.
Кошумчалай кетсек, аталган конушту газ менен камсыз кылуу үчүн газды жөнгө салуучу жаңы пунту жана газ өткөргүчтөр курулуп ишке берилди. Жогорудагы иштер коюлган талаптарга ылайык аткарылып, тастыкталган жогорку сапаттагы материалдар колдонулду.
2016-жылдын жыйынтыгы менен “Газпром Кыргызстан” компаниясы тарабынан Бишкек шаарынын 10 жаңы конушу газдаштырылды: Керемет, Касым, Щербакова, Бурдинская, Салам-Алик, Жениш, Балбан-Таймаш, Кайынды, Керамическая, Мыкан.
2017-жылы Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча 12 жаңы конуш газдаштырылмакчы. Жаратылыш газы менен 20 миңден ашык турак-жай камсыз болмокчу. 2030-жылга чейин Кыргызстанды газдаштыруу деңгээлин 62%га чейин жогорулатуу жана 400 калктуу пункту газ менен камсыз кылуу пландалууда.