Кыйноолорго каршы эл аралык күнгө карата ачык эшиктер күнү өткөрүлөт

Автор -
412

Кыргыз Республикасынын Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбору 2017-жылдын 19-июнунан тартып 28-июнга чейин «Кыйноолорго каршы аракеттерди бириктирүү» маалыматтык-агартуу кампаниясынын алкагында Кыйноолордун курмандыктарын колдоо эл аралык күнүнө карата бир катар иш-чараларды өткөрөт.

«Ачык эшиктер күнү» республиканын алты регионунда өтөт. Иш-чаранын максаты Улуттук борбордун миссиясын – кыйноолордун жана катаал мамилелердин алдын алуу миссиясын чагылдыруу, ошондой эле кармалгандарды жана камакка алынгандарды кармоонун шарттарын жакшыртууга көмөктөшүү болот.  Маалыматтык кампаниянын жүрүшүндө журналисттер жана бардык кызыкдар адамдар Улуттук борбордун иши менен таанышып жана кызыктырган суроолорду бере алышат.

“Ачык эшиктер күнүнө” жергиликтүү кеңештердин депутаттары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ошондой эле медицина кызматкерлери чакырылат. Ошондой эле иш-чарага катышууга жергиликтүү активисттер, ӨЭУ, ММК, диний конфессиялардын жана юридикалык клиникалардын өкүлдөрү катышат.

“Ачык эшиктер күнү” Европа Союзу жана «Сорос-Кыргызстан» Фонду тарабынан каржыланган, “Кыргыз Республикасында кыйноолордун жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркын басмырлоочу мамилелердин же жазалардын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча жана жазасыздыкка каршы күрөшүүдө улуттук аракеттерди бириктирүүнү колдоо” долбоорунун алкагында өткөрүлөт.