Кумтөрдө күйүүчү май ташыган цистерна оодарылып кетти

Автор -
361

Кумтөр кенинде күйүүчү май ташып бараткан автоцистерна оодарылып кетти.

«Кумтор Оперейтинг Компани» ишканасынын сайтындагы маалыматка караганда, 9-июлда «Кумтөр» кенине күйүүчү май жеткирүү үчүн бараткан автоцистерналардын бири коопсуздук бермасын сүзүп алган. «Оодарылып кеткен цистерна технологиялык трассадан чыгып, эңкейиш жерге кулап, андагы жети тоннага жакын дизель төгүлгөн», — деп жазылган компаниянын билдирүүсүндө.

Компаниядан төгүлгөн май эч кандай сууга аралашпаганын, анткени ал чектелген гана аймакка жайылып, булганга жер ошол эле күнү толук тазаланганын кошумчалашты.

Автоцистернанын айдоочусу жеңил жаракат алып, жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Бул боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга кабар берилген. Компания окуяны иликтөө боюнча жергиликтүү бийлик органдары менен кызматташууда.