Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт

Автор -
459

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, 25-июлдан 26-июлга чейин Бишкек шаарынын Ленская, Нарвская, Каракумская, Профсоюзная чектелген көчөлөрүндө жаратылыш газын берүү токтотула тургандыгы боюнча газ колдонуучуларды маалымдайт.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.