Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-августта, өлкөнүн саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.
Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына саламаттык сактоо системасында жүргүзүлүп жаткан реформалар жана калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берилди.
«Талантбек Батыралиев ошондой эле пациенттердин кабыл алаарлык баада жогорку сапаттуу диализдик кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн ишке ашырып, бюджеттик каражаттардын көпчүлүгүн кардиохирургия, ортопедия жана онкология кызматтарына багыттоого шарт түзгөн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Долбоорду ишке ашыруу өлкөдөгү оорулуулардын көбүн камтууга мүмкүнчүлүк берип, заманбап медициналык жабдуулардын жетишсиздик проблемасын чечүүгө мүмкүнчүлүк берет», – делет билдирүүдө.