2017-жылдын 10-августунда КР ККнын Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн авиациялык-транспорттук эскадрильясынын аймагында АН-26 эки учагын кабыл алуу-берүү жана авиациялык техникалык-эксплуатациялык бөлүктү (АТЭЧ) пайдаланууга берүү салтанаты болуп өттү, деп билдирет Куралдуу күчтөрүнүн Генштабынын басма сөз кызматы.
СалтанаткаКР ККнын Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Райымберди Дуйшенбиев, Борбордук аскер округунун коргоо министрлигинин жана Кант авиабазасынын башында Россия Федерациясынын Коргоо министринин орун басары – генерал-лейтенант Александр Фомин турган өкүлдөрү катышты.
Авиациялык техника кыргыз тарапка эки мамлекеттин башчыларынын макулдашуусунун негизинде кайтарымсыз жардам иретинде берилди. Коюлган техника жана жабдуулардан тышкары РФ Коргоо министрлиги эки тараптуу аскердик кызматташтыктын чегинде запастык бөлүктөр, агрегаттар, жумшалуучу материалдыр, окуу жана кошумча мүлктөр менен жабдып, ошондой эле, КР КК АКККнын аскер кызматчыларын теориялык, учуу окуулары жана практикалык стажировкалары менен камсыз кылышты.