Атамбаев Нарын шаарында көп батирлүү турак үй курулчу жерге капсула салуу аземине катышты

Автор -
521

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-сентябрда Нарын облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарында көп батирлүү турак үй курулчу жерге капсула салуу аземине катышты. Бул тууралу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Атамбаев өз сөзүндө өлкөнүн аймактарында социалдык турак жай куруу боюнча масштабдуу долбоор Нарын шаарынан башталгандыгын белгиледи.

«Бирок «Арзан турак жай 2015-2020» программасы Нарында бир үйдү куруу менен чектелбеши керек. Курулуш иштери тынымсыз жүргүзүлүүгө тийиш. Нарын шаарынын көркү жакында жакшы жагына өзгөрө баштайт. Калкты арзан турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттин негизги милдеттеринин бири болууга тийиш. Жакынкы 5-10 жылда биз бардык муктаж болгондорго жана бюджет тармагынын кызматкерлерине социалдык турак жайлардын тартыштыгын жоюуга милдеттүүбүз», – деди мамлекет башчысы.

Өз сөзүндө Алмазбек Атамбаев шаардыктарды биримдикке жана ынтымакка чакырып, колдоо жана ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

[tds_info]Маалымдама: Кабаттуу үйдүн курулушу Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан «Арзан турак жай 2015-2020-жылдары» программасынын алкагында ишке ашырылып жатат. 5 кабаттуу турак үй 60 үй-бүлөгө ылайыкталган, долбоордук наркы 106 млн сом.[/tds_info]