Алай районунун аймагында 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Автор -
362

2017-жылдын 26-декабры күнү саат 03:02де Кыргыз Республикасынын сейсмология институтунун маалыматына ылайык Ош облусунун Алай районунун аймагында очогунда күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.

Алай районунун Бор-Дөбө, Нура, Икизяк, Иркештам айылдарында 4 балл, Кара-Киндик айылында — 3,5 балл жана Арча-Булак,Сары-Таш айылдарында — 3 балл сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.