Премьер-министри Сапар Исаков кечээ «балага сүйүнчү» жөлөкпулун эсептөө маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев маалымдагандай, «сүйүнчү» төлөмдөр тутумун оптимизациялоо максатында, ведомство тарабынан МКК жана Эмгек жана соцалдык өнүктүрүү министрлигинин ортосунда «сүйүнчү» алуу тууралуу арыздардардын маалыматтары боюнча толук электрондук карым-катнаш иштелип жатат.
Дастан Догоевдин айтымында, аталган процедура жеңилдетилген түрдө жүрөт. Төрөлгөндүгу тууралуу актты каттоодо ымыркай, анын ата-энеси, жашаган жери, ошондой эле банк эсебинин номери тууралуу маалымат электрондук түрдө МКК тутумунан КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин тутумуна жөнөтүлүп турат.
Өз кезегинде, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги төлөм дайындоо туууралуу чечим кабыл алынганда казналык тутумга өлкө жаранынын белгиленген банк эсебине акча каражатын которуу үчүн маалымат жөнөтөт.
МКК төрагасы калк үчүн максималдуу түрдө ыңгайлуу шарттар түзүлөт деп белгиледи. Анткени, алар Жарандык абал актыларын каттоо органдарына (ЗАГС) гана кайрылып, буга байланыштуу төрөлүү тууралуу актты каттоодо жана «сүйүнчү» алуу боюнча арызды берүүдө социалдык өнүктүрүү органдарына кошумча түрдө кайрылуу зарылдыгы жоюлат.
Мындан тышкары, өлкөнүн жарандарына «сүйүнчү» алууга арыздарды кароо баскычтары тууралуу бардык маалыматтар көрсөтүлгөн уюлдук номерге СМС-маалымат түрүндө жөнөтүлөт.
Өкмөт башчы МКК, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жана Финансы министрлигине 2018-жылдын 15-февралына дейре «сүйүнчү» жөлөкпулун берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн механизмин иштеп чыгууну, ошондой эле жөлөк пулдарды дайындоо жана алуу тууралуу билдирүүлөр жана аны берүү процессин камсыздоо үчүн тийиштүү ЧУА иштеп чыгууну жана бекитүүнү тапшырды.