Күйүүчү май ташуучу унаа Чычкан суусуна түшүп кетип, бир адам каза болду

Автор -
310

20-январда Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында «Фредлайнер» үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаанын (бензовоз) айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып Чычкан суусуна түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.

Жол кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган. Окуя болгон жерге КР ӨКМнин №97 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, унаадан жабыркагандарды жана каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан алып чыгышып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Жабыркагандар Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген ал эми каза болгон адамдын жансыз денеси ушул эле оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилген. Унаада 38 тонна бензин болгон.