Сооронбай Жээнбеков Исфахан провинциясында самолеттун кыйрашына байланыштуу Иран президентине көңүл айтты

Автор -
232

Сооронбай Жээнбеков Исфахан провинциясында самолеттун кыйрашынан улам көп адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Иран президенти Хасан Роуханиге көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өз атымдан Иран Ислам Республикасынын Исфахан провинциясында самолеттун кыйрашынан улам көп адамдардын курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Курман болгондордун жакындарына жана туугандарына чын ниетимден көңүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү билдирип коюуну Сизден өтүнөм», – деп айтылат Сооронбай Жээнбековдун көңүл айтуу телеграммасында.