17-февраль күнү саат 14:00 чамасында 1956-жылы туулган В. Машнина (Талас шаарынын тургуну) Талас суусуна балык кармоо үчүн барып, кайра үйүнө кайтып келген эмес. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.
2018-жылдын 18-февраль күнү саат 08:55де КР ӨКМнин №17 өрт-куткаруу бөлүмүнүн 12 куткаруучусу, 7 РИИБ кызматкери жана 6 туугандары издөө иштерин жүргүзүшүп, саат 09:50дө Талас суусунун жээгинен аялдын жансыз денеси табылган.