Баткен облусунун чек арачылары президенттин колунан жаңы батирлердин ачкычтарын алышты

Автор -
512

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда, Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Лейлек районунун Исфана шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматчылары үчүн курулган көп батирлүү үйдүн ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы жаңы курулган үйдүн короосунда балдар ойной турган аянтча куруу үчүн 200 миң сомдук сертификатты тапшырып, жаңы батирлерди кыдырып көрдү жана жаңы конуштардын бактылуу ээлери менен маектешти. Андан соң жалпы сүрөткө түштү.

[tds_info]Маалымдама: Баткен облусунун Исфана шаарындагы 24 батирлүү үйдүн курулушу 2016-жылдын ноябрь айында башталган. Территориянын жалпы аянты 1758 чарчы м, 2 кабаттуу, бир бөлмөлүү 18 жана  эки бөлмөлүү 6 батир бар.[/tds_info]