Кыргызстанда сасык тумоонун өсүшү байкалат

Автор -
448

Жыл сайын күз-кыш айларында курч респиратордук вирустук оорулардын жана сасык тумоонун өсүшү байкалат. Эпидемиологиялык анализ көргөзгөндөй, 2016-жылы оорунун жогорку көрсөткүчтөрү декабрь айында катталган. Мурдагы жылдардагыдай эле бардык ооругандардын ичинен 70% дан ашыгын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

2017-жылдын октябрь айынын баштап курч респиратордук вирустук оорулардын акырындык менен өсүшү байкалды. Ыкчам маалыматка таянсак,быйыл курч респиратордук вирустук оорулардын 11,3% өсүшү катталды. 2017 жылдын октябрь айынан баштап, 2018 жылдын 19 февралына чейин сасык тумоо оорусунун 144 учуру катталды (клиникалык тастыкталган учурларын кошкондо).

Алдын ала эпидемиологиялык божомолдоого таянсак, мурдагы жылдардагыдай эле 2018-жылдын февраль айында курч респиратордук вирустук оорулардын жана сасык тумоонун өсүшү байкалат. Учурда республикада эпидемиялык абал туруктуу. Республиканын бардык саламаттык сактоо мекемелеринде калк арасында курч респиратордук вирустук ооруларды жана сасык тумоону алдын алуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

Бишкеке шаарында жеке-менчик медициналык борборлорунда сасык тумоого каршы эмдөө улантылууда. Азыркы убакта оор респиратордук вирустук жана сасык тумоо сыяктуу оорулар боюнча Бишкек, Ош, Токмок шаарларында күзөт эпидкөзөмөл жүргүзүү улантылууда. Эпидемиялык абал Саламаттык сактоо министрлигинин көзомөлүндө.