Гүлжакан Атажанова беш баласы менен көрүстөн жанында жашап жатат деген маалымат чыгар замат акыйкатчысынын Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу «Кылыч-Буркан» көрүстөнүнө келди.
Атажанованын айтымында, атасы аталган көрүстөн ачылгандан бери ор казуучу болуп иштеген. Ага чет жакадан убактылуу пайдаланып туру деп 10 сотых жер бөлүп бериптир.
Атасына ал жер тилкесине эч кандай документ берилген эмес. Атасы көз жумганда, Гүлжакан күйөөсү менен ажырашып көрүстөндө атасынан калган үйгө келип, өзүнүн эки баласы, каза болгон эжесинин үч баласы менен жашап калган.
Атажанова ал жерде жашаганынын себеби – жерди өзүнө документтештирип алуу. Бирок, Ош шаарында ага атасы калтырып кеткен эки бөлмөлүү үйү бар экендиги, ал үйдө каттоодо тургандыгы аныкталды. Атажанова Гулжакан өз убагында паспорт алуу үчүн кайрылбагандыктан, учурда өзүнүн паспорту жана балдарынын күбөлүктөрү жок.
Аялга акчалай жардам берилип, анын жашоо-шартын толук изилденип, мыйзам чегинде жардам берилмей болду.