Көркөм адабий чыгармалар, котормолор жана усулдук колдонмолор үчүн сынак жарыяланат

Автор -
730

“Азыркы адабият”,“Дүбүрт”, “Дүйнѳлүк адабият”, “Дүйнѳ” серияларынын алкагында жарык көрө турган көркөм адабий чыгармаларды, котормолорду, балдар үчүн сүрөттүү (иллюстрацияланган) китептерди, усулдук колдонмолорду жана сөздүктөрдү басып чыгаруу үчүн КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан сынак жарыяланат.

Сынакка катышуу үчүн эмгектерди 2018-жылдын 2-апрелинен кечиктирбей Microsoft Word документи тибинде, 14-шрифт, 1–сап аралык менен (ыр сабынын аралыгы – 1,5) Times New Roman арибинде даярдап, электрондук түрдө mamtil-synak@mail.ru дарегине жиберип жана кагаз түрүндө (1 нускада) тапшыруу зарыл. Ошондой эле, автор же котормочу жөнүндө толук маалымат: өмүр баяны, дареги, байланыш телефондору, сапаттуу сүрөтү(электрондук түрдө) берилиши керек;

Толук маалыматты Улуттук комиссиянын mamtil.kg расмий сайтынан алууга болот.