Вице-премьер-министр Даир Кенекеев «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин текшерди

Автор -
258
Сүрөт: azattyk.kg

Вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев бүгүн, 3- мартта, Ош облусундагы «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин инспекциялады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев көзөмөл-өткөрүү пунктундагы түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана анын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

«Кыйынчылыктар жана ыңгайсыздыктар кабиналардын жетишсиздигинен келип чыгууда. Бирок бүгүн кошумча түрдө төрт: 2 – республикага кирүү, 2 – республикадан чыгуу үчүн кабина орнотулат. Бүгүнкү күндө «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу өтүп жаткан Өзбекстан жана Кыргызтан жарандарынын саны күнүнө 7 ден 11 миң адамга чейин жетүүдө», – деди Уларбек Шаршеев.

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев жолдун кеңейтилиши пландаштырылып жаткандыгына байланыштуу «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктуна алып баруучу жол жээгиндеги курулган турак-жай жана башка курулуштардын мыйзамдуулугу боюнча инвентаризациялоо жүргүзүүнү тапшырды.