Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети тарабынан эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) мүчөлөрүнүн КР аймагына террористтик акцияларды даярдоо максатында кирүү каналдарына бөгөт коюу боюнча өткөрүлүп жаткан контртеррористтик иш чаралардын алкагында, эл аралык уюмдардын лагеринде атайын даярдыктан өткөн С.Ж. аттуу Кыргызстан жараны кармалды.
С.Ж. ЭТУ башчыларынын тапшырмасы боюнча, колго жасалган жардыруу түзүмдөрдү пайдалануу менен терак жасоону пландаштырганы аныкталды.
Азыркы убакта МУКК органдары кылмыш ишин козгоду. Кармалган адам КР МУКК Тергөө камак жайына киргизилди.