Февраль айында «Түндүкэлектро» бөлүштүрүүчү компаниясы 1млрд сом чогултулду

Автор -
217

Февраль айында «Түндүкэлектро» бөлүштүрүү тармактарына 722,6 млн кВт.саат электр энергиясы келип түштү, бул 2017- жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 51,6 млн кВт. саатка көбүрөөк.

«Түндүкэлектро» бөлүштүрүүчү компаниянын өткөн айга болгон товардык продукциясы 1,05 млрд сомду түзүп, анын 1,06 млрд сому (101,1%) чогултулган.

Февраль айында көргөзүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу төмөнкүдөй болду:

  • калк арасында – 106,3%;
  • өндүрүштүк объектилерден – 94,9%;
  • бюджеттик уюмдардан – 103,5%;
  • айыл чарба объектилеринен – 83,6%;
  • жана башка керектөөчүлөрдөн – 91,7% аткарылды.

Бөлүштүрүү компания тейлеген аймактардан төлөм чогултуу төмөндөгүдөй:

  • борбор калаабызда – 90,4%;
  • Чүй облусунда – 112,5 %;
  • Талас облусунда – 113,3% түздү.