Эртеӊден тарта «Акылдуу шаарлар» долбоорун ишке ашыруу башталат. Бул тууралуу бүгүн, Өкмөт башчы Сапар Исаков КСДП фракциясына отчет берип жатып билдирди.
«Эртенден тарта «Акылдуу шаарлар» долбоорун ишке ашырууну баштайбыз. Азыркы тапта тестирлөөдөн өтүп жатат. Тестирлөөдөн өткөндөн кийин ар бир жарандын салыктары үйүнө келет. Бул видеокөзөмөл Фрунзе- Ибраимов, Байтик баатыр-Ахунбаев, Байтик баатыр-Токонбаев жана Байтик баатыр- Горький көчөлөрүндө жүргүзүлүп баштайт»,- деп билдирди Исаков.
«Акылдуу шаар» долбоору өлкөдөгү жол кырсыктарынын санын кыскартуу, кылмыштардын бетин ачуу жана террордук коркунучтарды алдын алууга багытталган.
Долбоорго ылайык, Бишкек жана Ош шаарларында, Бишкек — Ош, Бишкек — Чолпон-Ата жана борбор калаадан «Манас» эл аралык аба майданы көздөй кетүүчү чоң жолдорго видеокөзөмөл орнотулган.