Азербайжандагы шайлоо: Жаӊы президент ким болот?

Автор -

Азербайжандагы президенттик шайлоодо өлкөнүн учурдагы башчысы Илхам Алиев алдыда чыгууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Расмий маалыматтарга караганда, шайлоочулардын 70 пайыздан ашыгы Илхам Алиевке добуш беришсе, ал эми  Гудрат Гасангулиев  3,1%, Сардар Мамедов – 2,81%, Захид Орудж – 2,92%, Хафиз Гаджиев – 1,73%, Араз Ализаде – 1,21%, Фарадж Гулиев – 1,03%, Рази Нуруллаев – 0,67% добуш алышты.

Оппозиция мыйзам боюнча жарым жылдан кийин өтүшү керек болгон шайлоого бойкот жарыялоо чечимин кабыл алган. Оппозиция өкүлдөрү бийлик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу менен потенциалдуу талапкерлердин шайлоо өнөктүгүнө жакшылап даярдануусуна тоскоол кылды деп эсептешүүдө.

2016-жылы Азербайжанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп, президенттин мөөнөтү беш жылдан жети жылга чейин узартылган. Мурдагы азери лидери Гейдар Алиевдин уулу Илхам Алиев атасынын мураскери болуп, өлкөнү дээрлик 15 жылдан бери башкарып келет.

 

Бөлүшүү