Президент Сооронбай Жээнбеков Алжирдин Президенти Абдель Азиз Бутефликага көңүл айтты

Автор -

Президент Сооронбай Жээнбеков  Алжирдин президенти Абдель Азиз Бутефликага Блида провинциясында аскер учагынын кыйрашынын натыйжасында көп адам каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

“Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын Блида провинциясында аскер учагынын трагедиялуу кыйрашынан улам көп адам каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына чын ниеттен кайрат айтып, колдоо көрсөткөн сөздөрүмдү жеткирип коюуңузду өтүнөм”, — деп белгиленет Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Эскерте кетсек, Алжирде аскердик учак кулап 247 адам каза болгон.

 

 

Бөлүшүү